• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте күндүз оор унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилди

Коом 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. 28-июлдан 1-сентябрга чейин саат 10:00дөн 20:00гө чейин борбор калаанын көчөлөрүндө оор унаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Абанын температурасы 28 градустан жогорулаганда жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет. Салмагы 18 тоннаны түзгөн, бир огу 7 тоннадан ашкан оор жана ири унаалардын кыймылына тыюу салынат.

Бирок, чектөө чаралары жүргүнчүлөрдү, гуманитардык жардамдарды, ири көлөмдөгү жана атайын жүктөрдү атайын уруксаттын негизинде ташуу менен алектенген унааларга колдонулбайт. Ошондой эле, жолдорду куруу, оңдоо жана күтүү үчүн тартылган транспортко тиешеси жок.

Мындай иш-чаралар борбор калаанын жолдорунун эксплуатациялык мөөнөтүн сактап калуу жана көбөйтүү максатында көрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий