• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Данияда чач тарачка агылгандардын саны көбөйдү

Дүйнө 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Дания бир ай мурда коронавируска байланыштуу киргизген чектөөлөрдүн айрымдарын алгандан кийин, өлкөдө чач тарачтар ачылды. Чач алдырууну каалагандар көп болгондуктан чач тарачтарда "узун кезек" жаралганын ВВС'нин орус кызматы жазат.

Копенгагендин борборундагы чач тарачтардын биринин ээси Фил Оландердин айтымында, аларда чач алдырууга жазылган кардарларынын кезеги 2 жумага созулат.

"Ар бир кардардан кийин толук түрдө тазалоо иштерин жүргүзүү керек. Башкача айтканда отурган орундук, бардык шаймандарды – негизи эле баарын – эшиктин туткасынан тартып карта окуган жабдыкка чейин дезинфекциялоо керек. Ал дагы кошумча жумуш болуп жатат", - дейт Оландер.

Копенгагендеги дагы бир чач тарачтын ээсинин айтымында, аларда да чач алдырууга жазылган кардарлардын саны көп болуп, келерки үч аптага бош орун жок. Эми алардын баарына жетишүү үчүн ашыкча иштөөгө туура келет.

Данияда бийлик тату-салон, сулуулук салондоруна, стоматологиялык поликлиникаларга, оптика дүкөндөрүнө иштөөгө уруксат берген.

Пикир

Оставить комментарий