• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дарига Назарбаева: орус тилин эч ким жокко чыгарган жок

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.03.18. /Кабар/. Казакстан парламентинин эл аралык мамиле, коргонуу жана коопсуздук комитетинин башчысы Дарига Назарбаева Улуттук банктын төрагасына жолдонгон депутаттык суроону орус тилинде окуп берип, орус тили үчүн кооптонуунун зарылдыгы жок экенин билдирди.

«Орус тилин эч ким жокко чыгарган жок. Мен депутаттык суроону мага ыңгайлуу тилде даярдадым», — деди Дарига Назарбаева.

Дарига Назарбаеванын мындай билдирүүсү Казакстандагы орус тилдүү жарандардын кооптонуусун бираз төмөндөтүү аракети болду. Буга чейин Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев казак тилинин макамын жогорулатууну тапшырган.

«Биз баарыбыз президенттин тапшырмасын аткарууга аракет жасайбыз. Орус тилинен эч ким баш тарткан жок, кыязы, андай болбойт дагы», — деди Дарига Назарбаева.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 26-февралда өлкөнүн маалымат жана байланыш министри Даурен Абаев менен жолугуп, ага казак тилинин макамын жогорулатуу боюнча иштерди улантуу тапшырмасын берген.

- Биздин эл үчүн латын арибине өтүү жараяны тарыхый мааниге ээ. Ошол эле маалда казак тилинин макамын жогорулатуу боюнча иштерди улантуу зарыл. Парламент менен өкмөттүн ишмердүүлүгү мамлекеттик тилде болушу шарт. Бирок бул маселеде башка жарандардын укуктары тебеленбеши керек. Бул үчүн синхрондуу которуу мүмкүндүгү бар, - деген мамлекет башчы.

Казакстандын маалымат жана байланыш министри Даурен Абаев 27-февралда журналисттерге өкмөт жана парламент жыйындарын казак тилинде өткөрүү жараянында “аша чабуулар” болбойт деп убада берген.

Пикир

Оставить комментарий