• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дарига Назарбаеваны Сенаттын төрайымы кылып дайындоону сунушташты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.03.19. /Кабар/. Дарига Назарбаеванын талапкерлигин Сенаттын төрайымы кылып дайындоо сунушу айтылды, - деп жазат Tengrinews.kz агенттиги.

Агенттиктин маалыматы боюнча, учурда Сенаттын депутаттары үчүн жашыруун добуш берүү өткөрүлүүдө.

Мурда ал Сенаттын Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы кызматын ээлеген.

Белгилей кетсек, Дарига Назарбаева Казакстандын туңгуч президенти Назарбаевдин улуу кызы .

Эске салсак, Казакстанды дээрлик 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев кечээ, 19-мартта өз эрки менен отставкага кеткен. Ал эми Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаевге Казакстанда президенттин ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруу милдети жүктөлдү. Ал бүгүн Назарбаевдин катышуусунда Казакстандын президенти катары расмий түрдө ант берди.

Пикир

Оставить комментарий