• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дастанбек Жумабеков Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 15-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарын кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу алкагында шаардык кеңештин депутаттары энергетиктер шаарчасындагы бир катар көйгөйлөрдү кеп кылышты. Анын ичинде инфраструктураны жакшыртуу менен шаарга өзгөчө статус берүү маселеси тууралуу сөз жүрдү.

“Совет мезгилинде биздин шаарда бардык өлкө ичиндеги жана чет жердеги гидроэлектрстанцияларды курган адистер жашачу. Учурда жумушсуздуктун айынан алардын көпчүлүгү көчүп кетип, Россияда жана башка өлкөлөрдөгү ГЭСтерди куруп жүрүшөт. Айрыкча, мыкты квалификациялуу адистердин арбын кетип жаткандыгы байкалууда. Биз Кара-Көл шаарынын кароосуз калган шаарлардын катарында калуусун каалабайбыз. Көпчүлүк кара-көлдүктөр ГЭСтердин курулушунда иштеп, бирок пенсияга чыга албай калышкан. Аны менен катар жумушсуздук көйгөйү курч. Дыйканчылык кылгыдай жер тилкелеринин да жоктугу тургундардын турмушун татаалдаштырууда”, – дейт жергиликтүү кеңештин депутаттары.

Мындан тышкары жолугушууда “Нарын гидро энерго курулуш” ачык акционердик коомунун каржылык абалы да талкууланды. Белгилүү болгондой, аталган ишкананын Социалдык фондго, салык төлөмдөрү боюнча жана субподрядчиктердин алдындагы карызы бир миллиарддан ашат. Кезинде “Нарын гидро энерго курулуштун” адистери өлкөбүздөгү Үч-Коргон, Ат-Башы, Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Камбар-Ата гидроэлектрстанцияларынын курулушуна катышышкан.

Төрага Дастанбек Жумабеков ишкананын карызы боюнча маалыматтарды иликтей тургандыгын кошумчалап, мындай абалдын жаралышы сабатсыз башкаруунун далили экенин билдирди.

“Ишкананын өнүгүшү же жабылышы анын жетекчисинен жана башкаруудан көз каранды. Андыктан, “Нарын гидро энерго курулуш” ААКсы өлкөдө ишке ашырылып жаткан көпчүлүк долбоорлорго катышуусу керек болчу. Себеби, азыр бизде ишкананын адистери иштей турган көптөгөн объектер курулууда. Тилекке каршы, туура эмес башкаруунун айынан мекеменин карызы көбөйүп кеткен. Ал эми Кара-Көл шаары тууралуу айтсам, ал өнүгүшү керек. Биз анын кароосуз шаарга айланышына жол бербешибиз зарыл. Бирок, шаар жетекчилери мамлекеттен гана жардам күтө бербей, инвестиция тартуу багытында жигердүү иштөөсү маанилүү. Алгач заводдорго, андан соң инфраструктураны жакшыртуу үчүн инвестиция тартып иштешсе, натыйжалуу болот”, – дейт Дастанбек Жумабеков.

Ошондой эле Төрага Монголиянын өнүгүү тажрыйбасын мисал келтирип: “Алар биринчи ишканалардын курулушуна каржы издешип, калкты жумуш менен камсыздашкан, түшкөн каражатты жолдорду, мектептерди жана ооруканаларды курууга же оңдоого жумшашкан”,– деди.

Жолугушуунун соңунда Кара-Көл шаарынын депутаттары Төрага Дастанбек Жумабековду энергетиктер шаарчасына келип кетүүгө чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий