• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дастанбек Жумабеков Ноокен районунун тургундары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.07.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттарынын эл менен жолугушуу айынын алкагында төрага Дастанбек Жумабеков Ноокен районунун тургундары менен жолугушту, - деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Эл алдында сүйлөгөн сөзүндө төрага парламент кабыл алган мыйзамдарга жана саясий туруктуулуктун маанилүүлүгүнө токтолду.

"Депутаттар жер-жерлерде көйгөйлөр менен таанышып, өкмөткө сунуштап жатат. Анын аркасы менен көптөгөн көйгөйлөр чечилүүдө. Ошол эле мектептер, бала бакчалар курулууда, жолдор оңдолууда. Жогорку Кеңеш укуктук, социалдык багытта көп мыйзамдарды кабыл алды. Маселен, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине макам берилип, айлык бериле баштады. Жаңы төрөлгөн балага сүйүнчү пул чыгууда. Жөлөкпул берүүдө мурдагыдай чоң-аталардын пенсиясы, муздаткыч же башка техника киреше катары саналбай калды. Бирок, акыркы убактарда ар түрдүү чындыкка коошпогон сөздөр айтылып, каралоо болуп жатат. Мунун баары өлкө экономикасына кедергисин гана тийгизет. Сиздер талап кылган долбоорлор ишке ашпай калат. Бизге азыркы учурда өнүгүү үчүн саясий туруктуулук маанилүү", - деп белгиледи төрага Дастанбек Жумабеков.

Жергиликтүү элге суроо берүүгө мүмкүнчүлүк түзулүп, алар орчундуу маселелерди төрагага жеткиришти. Бишкек-Ош жолунун Маданият-Жалал-Абад тилкеси качан оңдолот деген суроо коюлду. Төрага аталган жолду реконструкция кылуу боюнча донорлор менен макулдашууну парламент ратификациялап бергенин билдирди.

"Жалал-Абад-Маданият жолун оңдоого каражат да бөлүнгөн. Бул жол 2021-жылга бүткөрүлүшү керек. Бирок, субподрядчик менен подрядчиктин ортосунда келишпестик орун алган жайы бар, - деп уктум. Мындай маселелер ишти артка тартпашы зарыл", - деп кошумчалады спикер.

Ноокендиктер таза суу, айыл өкмөттөрүндөгү коррупциялык иштер, ишкерлерди колдоо, жергиликтүү кеңештерге шайлоо тууралуу маселелерди козгошту.

Андан тышкары төрага Ноокен районундагы Шалка айылында курулуп жаткан мектепти көрдү. 150 орунга эсептелген мектептин курулушу 2016-жылы башталган. Быйыл 5 млн. сом бөлүнүп, курулушу уланууда. Жергиликтүү эл калган 25 млн. сомду кечиктирбей бөлүп берүүнү суранды. Төрага бюджет каралып жаткан маалда бул курулушту титулдук тизмеге киргизүүгө аракеттенебиз, - деп жооп берди. Эске сала кетсек, Жогорку Кенештин депутаттарынын эл менен жолугушуу айынын алкагында төрага Д.Жумабеков, депутат Т.Мамытов Ноокен районунун эли менен баарлашып, алардын көйгөйлөрү менен жеринде таанышууда.

Пикир

Оставить комментарий