• 88.68
  • 95
  • 0.95

Депутат Д.Аттокуров бир нече айдан бери шайлоочусун кабыл албай келет –Саруу айылынын 80 жаштагы тургуну

Коом 0

Бишкек, 3-апрель /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Ысык-Көл облусунун Саруу айылынын 80 жаштагы пенсионери бир нече айдан бери депутат Данияр Аттокуровдон (Кыргызстан) жардам суроо үчүн анын кабыл алуусун күтүүдө.

Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саруу айылынын тургуну 1937-жылы туулган Саясы Саламатов кайрылды. Ал Советтер союзу тарагандан кийин ага жана анын жубайына 12 баалуу кагаз берилгенин айтты.

“1993-1994-жылдары биз аларды “Наристе Инвест банкка” акчага алмаштыруу үчүн бергенбиз. Анда ала албай калып, байбичем экөөбүз алар жоголуп кетти деп калдык. Бирок, 2010-жылы бизге бул баалуу кагаздардын ээлеринин жыйынына чакыруу келди. Натыйжада, жыйын өткөн жок. Мен бул банктын өкүлдөрүнө байланышайын десем, мени директоруна жөнөтүшүп, ал кабыл албай койду. Ошондуктан, мен депутат Д.Аттокуровго кайрылайын деп ойлодум. Ал биздин айылдан, мен өзүм ага добуш бергем. Биздин өкүл жардам бере алабы дегем”, - деп айтып берди Саясы Саламатов.

Бирок, аксакалдын айтымында, аны Ак үйгө киргизбей жатышат.

“Мага Аттокуровдун кайсы бир эч качан жооп бербеген телефондорун берип жатышат. Мен ай сайын Ысык-Көлдөн келип, кабыл алуусун күтөм. Баары натыйжасыз. Менин жашым 80ге келди”, - дейт ал.

Депутат Данияр Аттокуров жана анын жардамчысы менен “Кабар” агенттигинин журналисттери байланыша алышкан жок.

Эгерде бул маалыматтан кийин эл өкүлү өз шайлоочусу Саясы Саламатов менен байланышууну кааласа, 0703743335 (Саясы Саламатов) телефонуна чалса болот.

Пикир

Оставить комментарий