• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутат Момбеков: ИИМ иттеринин тамагына күнүнө 120 сом, ал эми мектеп окуучуларына 60 сом бөлүнөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.12.18 /Кабар/. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) иттерине жатак мектептин балдарына караганда эки эсе көп акча бөлүнөт экен. Эмне, биздин балдар ошол итчелик жокпу? Мындай пикирин депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

Момбековдун маалыматы боюнча, Бишкекте узак тарых-таржымалга ээ №5 мектеп-гимназиясы бар. Анда жатып окуган балдардын тамагына күнүнө 60 сом бөлөт экен. Ошо кантип болсун, биздин келечегибиз деген таланттуу балдарга карата кам көргөнүбүз ушубу, Өкмөт эмне кылып отурат? Мисалы, түрмөдө жаткан немелерге күнүнө 85 сом бөлүнөт, ал эми Ички иштер министрлигинин иттерине 120 сом бөлүнөт.

«Ички иштер министрлигинин иттерине жатак мектептин балдарына караганда эки эсе көп акча бөлүнөт экен. Эмне, биздин курсагы тойбогон балдар ошол итчелик жокпу? Балдарга кам көргөнүбүз ушубу? Демек, ал балдардын мектеп-гимназиясы эмес эле, балдардын колониясы болуп калып атпайбы? Урматтуу өкмөттүн өкүлү, айта барыӊыз, бул маселени тезинен чечиш керек. Бул – ийгилик эмес, итчилик», - деп кошумчалады депутат.

Пикир

Оставить комментарий