• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Диетолог стресстен арылтуучу азыктарды атады

Дүр дүйнө 0

Россиялык эндокринолог жана диетолог Алена Барредо РИА Новостиге берген маегинде стресстен арылтып, уйкуну жакшыртуучу азыктарды тизмектеп берди.

Анын айтымында, биринчи кезекте жаңгактарда, кожогат, бүлдүркөн, грейпфрут, авокадодо көп кездешкен магнийге бай азыктарды жеш керек.

“Ошондой эле В тобуна кирген витаминдер зарыл, алар жашылча салаттарында жана көк чөптөрдө көп кездешет. Пайдалуу болгон Омега-3 кислоталары нерв клеткаларынын синтезине катышып, нейрондордун функциясын жана стресске каршы туруктуулукту жакшыртат. Алар балыктарда жана креветкаларда көп болот.

Мындан тышкары, рационго триптофандуу азыктарды кошуу зарыл: сельдерей, банан, какао. Алар нерв системасы үчүн кесепети жок стресстен чыгууга жардам берген нейрогормондун синтезин жакшыртат”, - деп белгиледи дарыгер-диетолог.

Барредо нокот, швейцария мангольду, жумуртка жана күн карама уруктарына да көңүл буруу керектигин кошумчалады.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий