• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ДКО-2018: Бишкекте “Көчмөндөр ааламы” фестивалына тандоо сынагы өтүүдө

ДКО 2018 0

Бишкек, 11.07.18. /Кабар/. Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында “Көчмөндөр ааламы” эл аралык этномаданий фестивалына катышуу үчүн тандоо сынагы өтүүдө. Бул тууралуу ДКОнун катчылыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган фестиваль 3-7-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдүн “Nomad” амфитеатрында өтөт. Катышуучуларды тандоо айтуучулук өнөр, этнохит, этномода, этно бий жанрлары боюнча өтүүдө.Сынакка 16 жаштан өйдө таланттар катышууда.

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин улуттук маданий борборунун мамлекеттик иш-чараларды өткөрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Эрмек Мукамбетов билдиргендей, бул тандоо туру кыргызстандык конкурсанттар үчүн өткөрүлүүдө.

“Бүгүн бийчилер, модельерлер, бардык аймактардан келген ырчылар өз өнөрлөрүн көрсөтүп жатышат. Жеңүүчүлөр фестивалда биздин мамлекетти тааныта тургандыктан, катышуучуларга болгон талаптар жогору”, - деди ал.

“Сынактын катышуучуларын Зухра Мукамбетова, Ырыскелди Осмонкулов, Замира Молдошева, Жаныбек Чиледиров жана абшкалар баалап жатышат”, - деп кошумчалады Э,Мукамбетов.

Пикир

Оставить комментарий