• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ДКО-2018: КР курамасы көк бөрү боюнча чемпион болду

ДКО 2018 0

Бишкек, 07.09.18 /Кабар/. Кыргызстандын курамасы үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча финалдык беттеште Өзбекстандын курамасын 32:9 эсебинде утту. Оюн бүгүн, 7-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өттү.

Кыргыз улакчылары оюндун биринчи бөлүгүндө эсепти 12:0 кылып, көк бөрү боюнча чемпион аталышты.

Эске сала кетсек, Казакстандын курамасы коло медаль үчүн болгон беттеште Москванын курамасын 17:1 эсебинде утту.

Көк бөрү боюнча турнирдин байге фонду 6 млн. 200 миң сом. Биринчи орун үчүн - 3 млн. сом, 2-орун - 1,5 млн сом, 3-орун - 1 млн. сом. Мыкты улакчы менен мыкты аргымакка 100 миң сомдон берилет.

Эске сала кетсек, үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көлдө 2-сентябрда башталды, 8-сентябрда аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий