• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын байге фонду аныкталды

ДКО 2018 0

Бишкек, 26.07.18. /Кабар/. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы байге фонду 26 млн. сомду түздү. Бул тууралуу КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча Дирекция III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жалпы байге фондун 26 млн.615 миң сом деп бекиткен.

ДКОнун программасына спорттун 37 түрү киргизилген: Ат чабыш, ат үстүндө мелдештер, улуттук күрөштүн түрлөрү боюнча мелдеш, күрөштүн түрлөрү боюнча мелдеш, салттуу интеллектуалдык оюндар, салттуу жаадан ок атуу, улуттук аңчылык түрлөрү боюнча мелдеш “Салбуурун”.

Көк-бөрү боюнча мелдештин байге фонду 6 млн. сомду түзөт:

-биринчи орун үчүн 3 млн. сом;

-экинчи орун үчүн 1 млн. 500 миң сом;

-үчүнчү орун үчүн 1 млн. сом;

-төртүнчү орун үчүн 500 миң сом.

Мындан тышкары, мелдештин жүрүшүндө “Көк бөрү боюнча Улуу оюнчу” аныкталат, ал 100 миң сом байге алат жана “Көк бөрүнүн Улуу аты” 100 миң сом акчалай байге алат.

Күрөштүн түрлөрү боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү (биринчи орун үчүн) 70 миң сом, (экинчи орун үчүн) 35 миң сом берилет жана (үчүнчү орун үчүн) 17 миң 500 сом эки адамга берилет. “Көчмөндөрдүн улуу күрөшү” мелдешинде жеңүүчү 1 млн. сом байге алат.

Азыркы учурда 44 өлкөдөн спортчулар ДКОго катыша тургандыктарын тастыкташты. Жалпы 594 медаль (174 алтын, 173 күмүш жана 247 коло медалдар) ойнотулат.

Пикир

Оставить комментарий