• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дмитрий Медведев Өзбекстанга барат

Дүйнө 0

Бишкек, 28.10.17./Кабар/. Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев кийинки аптада Өзбекстанга расмий сапар менен барат.

Сапардын алкагында Орусия премьеринин КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынына катышып, Өзбекстан президенти менен жолугушары күтүлүүдө. 2-ноябрга Медведев менен өзбек премьери Абдулла Ариповдун сүйлөшүүлөрү пландалган.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптардын бир катар корпоративдик, мекемелер жана өкмөттөр аралык документтерге кол коё тургандыктары белгилүү болду.

Андан тышкары Медведевдин Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен жеке жолугушуусу дагы пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий