• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЕЭФте экономикалык кызматташтык багыттарынын бири катары туризмди өнүктүрүү талкууланды

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан Евразия экономикалык форумунда Евразия экономикалык биримдигинин алкагында экономикалык кызматташтыктын багыттарынын бири катары туризм маселеси талкууланды.

Белгиленгендей, ЕАЭБге кирген өлкөлөр туризмди өнүктүрүү биримдиктин максаттарынын бирине жетүү - мүчө мамлекеттердин экономикасын туруктуу өнүктүрүүгө шарттарды түзүү, алардын калкынын жашоо деңгээлин олуттуу көтөрүү жана мүчө-өлкөлөр ортосунда өз ара инвестицияны көбөйтүүдө табигый мүмкүнчүлүк деп эсептешет.

“Туристтик тармакты өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу багыттардын бири медициналык туризм. Мындай шарттарда ЕАЭБин алкагында медициналык реаблитациялык жана санаториялык-курорттук борборлордун мүмкүнчүлүгүн колдонуу өзгөчө актуалдуулукка ээ.

Эксперттер дүйнөлүк экономиканын шартында туризм тармагы эң динамикалуу жана жогорку кирешелүү тармактардын бири деп эсептешет. Бирок акыркы жылдардагы кризистик көрүнүштөрдөн улам туризм бардык жерде кризисти башынан кечирүүдө. Евразиялык интеграциянын потенциалы тармактагы кризистен чыгуунун фактору болуп калышы мүмкүн”, - дешет катышуучулар.


 

Пикир

Оставить комментарий