• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы. Маалыматтык билүү материалдарынын цикли ишке киргизилет

Өкмөт 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата маалыматтык билүү материалдарынын циклин ишке киргизет.

Аталган макала мамлекеттик башкарууну өнүктүрүүгө жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү тутумун реформалоого арналган.

Өлкө эгемендүүлүккө ээ болгон соң, мамлекеттик бийликти мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутагына бөлүштүрүү принцибине негизделген, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана андагы кызматтык жактардын ачыктыгына, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана функцияларын чектөөгө багытталган мамлекеттик башкаруу органынын улуттук тутуму түзүлгөн жана ал үзгүлтүксүз түрдө өркүндөтүлүүдө.

Кесипкөй мамлекеттик аппаратты уюштуруу алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат институту түзүлдү, жарандарды кызматка кабыл алууда бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоочу ачык конкурстук тутум, Улуттук кадр резерви иш алып барууда. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу тутуму, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кирешелерин декларациялоо системасы калыптанды.

Республикабыздын жарандарына жана юридикалык жактарына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын өркүндөтүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлдү. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр түшүнүгүн жана аларды акы төлөнүүчү жана акысыз негизде көрсөтүү критерийлеринин мыйзамдык жактан бекитилиши мамлекеттик органдардын "коммерциялык" кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн жана жарандарга көп учурда керексиз болгон кызматтарды таңуулоону олуттуу түрдө төмөндөтүп, ошондой эле мамлекеттик органдардын негизги ишине зыян келтирбестен, алардын функциясына туура келбеген иштердин кыскартылышына мүмкүндүк берди.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик жана муниципалдык органдар жеке жана юридикалык жактарга 430 жакын талап кылынган мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтөт.

Ар бир кызмат көрсөтүү үчүн анын сапатынын параметрлери аныкталып, жарандар тарабынан берилген документтердин тизмелери оптималдаштырылды, электрондук форматта жана «бирдиктүү терезе» принциби боюнча аралыктан кызматтарды көрсөтүү боюнча активдүү иштер жүрүп жатат.

Эгемендүүлүк жылдары Кыргыз Республикасында жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктары үчүн өз алдынча жана жоопкерчиликтүү чечүү үчүн жарандардын жергиликтүү жамааттарына укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутуму түзүлдү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу аркасында Кыргызстандын эли өз бийлигин түз жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу ишке ашырат, алар өз ишинин натыйжасы үчүн жарандар алдында жооп беришет.

Учурда өлкөдө 484 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы бар, анын ичинде республикалык маанидеги эки шаар, облустук маанидеги 12 шаар, райондук маанидеги 18 шаар жана 452 айылдык аймак бар. Эң көп айылдык аймак – Чүй облусунда (23%), ал эми эң аз айылдык аймак Баткен облусунда (7%га жакын) жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий