• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Екатеринбургдан Ошко 233 жаран учуп келди

Коом 0

Бишкек, 30.05.20. /Кабар/. Россиянын Екатеринбург шаарынан Ош шаарына 233 кыргызстандык жаран (чоң кишилер 217, балдар 16 ) учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандык жарандар мекенине "Урал аба жолдору" авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген.

Бул каттам менен оор илдети бар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, кичинекей балдары бар аялдар, кош бойлуулар, кары адамдар, жашоодо оор кырдаалга туш болгон жарандар кайтарылган.

Министрликтен белгилешкендей, жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардын кайрылууларын, ошондой эле Урал федералдык аймагындагы кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилеринин сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле жарандардын мындан мурда "Урал аба жолдору" авиакомпаниясынын билетин сатып алып, бирок аба каттамдын болбой калгандыгы эске алынган.

Учуп келген жарандардын баары обсервацияга жаткырылган.

"Мекенине кайтып келүүнү каалаган чет жердеги Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча иштер улантылат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий