• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эрте келүү керек! "Манас" аэропорту эпидемиологиялык абалга жараша билдирүү жасады

Коом 0

Бишкек, 30.05.20. /Кабар/. Аткарылып жаткан чартердик каттамдарга жана кайра жанданышы пландалган ички туруктуу авиакаттамтарга байланыштуу аэропортторго эртерээк келүү сунушталат, деп айтылат "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Ага ылайык, COVID-19 боюнча түзүлгөн кырдаалды эске алып, аэробекеттик комплекстердин имараттарына кагазга чыгарылган авиабилетин же уюлдук аппараттарда электрондук билетин көрсөтүү менен авиажүргүнчүлөр жана жашы жете элек балдар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды коштоочу адамдар гана киргизет. Аэробекеттик комплекстердин кире беришинде термометрикалык көзөмөл жүргүзүлөт.

"Сиздердин коопсуздугуңуздарды камсыздоо максатында аэробекеттердин ичинде беткап тагынуу тартибин так сактоого чакырабыз. Коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 8-июндан баштап ички каттамдар жанданат.

Пикир

Оставить комментарий