• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эки-Таш жергесинде белгисиз адамдар КР жарандарынын эки унаасына таш ыргытышкан – Чек ара кызматы

Коом 0

Бишкек, 22.08.21. /Кабар/. Эки-Таш жергесинде белгисиз адамдар Кыргызстандын 2 жаранынын унааларына таш ыргытышкан. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы 22-августта болжол менен 00:30дар чамасында Эки-Таш жергесинде Баткен – Исфана унаа жолунда белгисиз адамдар Ош облусуна бара жаткан КР жарандарынын унаасына таш ыргытышкан.

Жыйынтыгында «Мерседес-Бенц» унаасынын эшиги жабыркап, «Хонда Стрим» унаасынын айнеги сынган.

Жүргүнчүлөрдүн арасында жабыркагандар жок.

Аталган факт Баткен облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлерине кабарланган.

Өз кезегинде Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрү тараптардын укук коргоо органдарынын катышуусунда жолугушууну пландап жатат.

Пикир

Оставить комментарий