• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЭКККМК тарабынан алынган каражаттар жакында бирдиктүү депозиттик эсепке которулат

Экономика 0

Бишкек, 26.07.18. /Кабар/. Мамлекетке зыян алып келген ишкерлер бирдиктүү депозиттик эсепке анын ордун толтуруп төлөп берүүсү боюнча маселе иштелип чыгууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев билдирди.

Анын айтымында, учурда мамлекетке төлөнгөн акчалар Финансы министрлигинин казыначылыгынын эсебине салынууда. Бирок ЭКККМК алдыда акча каражаттары өкмөт тарабынан түзүлгөн укук коргоо органдарынын атайын эсебине түшүүсү үчүн иштөөдө.

“Келтирген зыянды төлөп берүү көбүнчө салыкты төлөөдөн качкан ишкерлер тарабынан болот. Бузууларды аныктаган учурда ишкер ошол эле күнү төлөөгө милдеттүү. Эгер төлөбөсө, айып пул санкциялары өсө берет. Ушулардын баары болбошу үчүн алар акчаны биздин депозитке эмес, казыначылыкка берүүгө аракет кылышат", - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий