• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Экономика министрлигинде KOICA`нын директору менен биргелешкен долбоорлор талкууланды

Коом 0

Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) директору Ли Джонгсу менен Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан жана пландаштырылган долбоорлорду талкуулады.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жана дата-борборлорду куруу, электр транспортун өнүктүрүү, айыл чарба, аймактарды өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруунун деталдары, адам ресурстарын өнүктүрүү программалары жана волонтердук программа менен катар талкууланды.

Ли Джонгсу климат жана жашыл экономика маселелери да учурда Корея тарап үчүн кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары экенин баса белгиледи.

Ошондой эле алар Жогорку Кеңешти санариптештирүү, электр энергиясын жана айыл чарбасын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы боюнча ишке аша турган 2023-2024-жылдарга пландаштырылган долбоорлорго да токтолушту

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга үмүт артып, кызматташууну бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий