• 88.68
  • 95
  • 0.95

Элчи Дюшекеев Казакстандын коргоо министри менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 10.09.22. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Дастан Дюшекеев Казакстандын коргоо министри Руслан Жаксылыков менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-казак кызматташтыгынын аскердик-техникалык чөйрөдөгү негизги багыттарын, анын ичинде Кыргызстандын аскер адистерин Казакстандын аскердик жогорку окуу жайларында окутуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Казахстандын аймактык бүтүндүгүн жана коопсуздугун камсыздоого багытталган коргоо ведомстволорунун ортосундагы жигердүү кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий