• 88.68
  • 95
  • 0.95

Элчи Өмүрбек Текебаев ОшМУнун студенттерине онлайн лекция окуду

Коом 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институту тарабынан уюштурулган онлайн "конок лекцияга" катышты. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, лекцияга ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобеков, Чыгыш таануу институтунун директору, доцент Жолдошбек Бөтөнөев жана институттун студенттери, магистранттары жана профессордук-окутуучулар курамы катышты.

​Лекция учурунда элчи Текебаев "Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык байланыштар: тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги" аттуу темада кеңири маалымат берди.

​Элчи Кыргызстан менен Германиянын ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан тартып, 31 жылдын ичинде эки мамлекеттин ортосунда достук жана өнөктөштүк мамилелер түзүлүп, ар түрдүү тармактардагы көп кырдуу кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп келе жаткандыгын белгиледи. Катышуучулар өзгөчө эки мамлекеттин ортосундагы билим берүү маселелери жана Кыргызстанда квалификациялуу кадрларды даярдап, Германияда жумушка орноштуруу боюнча жасалып жаткан иш-аракеттер тууралуу пикир алмашып, студенттер өздөрүн кызыкдырган суроолорго жооп ала алышты.

Пикир

Оставить комментарий