• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек жана Эр-Рияд шаарларынын ортосунда боордоштук байланыш түзүү макулдашылды

Коом 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов Эр-Рияд провинциясынын губернатору Улуу даражалуу ханзаада Файсал бин Бандар Аль Сауд менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар 2022-жылы эки өлкөнүн аймагында болуп өткөн ар кандай деңгээлдеги эки тараптуу иш-чараларды канааттануу менен белгилешти.

Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты арттырууга, эки тараптуу туризмди жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө, өз ара жарманкелерди жана көргөзмөлөрдү өткөрүүгө, ошондой эле түз авиакаттамдарды ачууга өзгөчө көңүл бурушту.

Эки өлкөнүн ортосундагы кылымдар бою өнүгүп келе жаткан кызматташтыкты жана өз ара кызыкчылыкты эске алуу менен, элчи У.Марипов жана Улуу даражалуу ханзаада Ф.Аль Сауд Бишкек жана Эр-Рияд шаарларынын ортосунда эки шаардын достугунун чыңдоосуна багытталган боордоштук байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы менен Эр-Рияд шаарынын муниципалитетинин ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун илгерилетүү боюнча тыгыз ишти улантуу макулдашылды.

Жолугушуунун соңунда элчи У.Марипов Бишкек шаарынын мэринин атынан Эр-Рияд провинциясынын губернатору Улуу даражалуу ханзаада Ф.Аль Саудду ага ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий