• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ала-Букада адам өлтүрүү жана бейбаштыкка шектүү 5 жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Ала-Бука милициясы адам өлтүрүү жана бейбаштыкка шектүү деп 5 жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылы 16-январда саат 01:50 чамасында Ала-Бука райондук милициясына райондук ооруканадан чалышып, тургун 1995-жылы туулган А.Ш. аттуу жаран денесине учтуу нерсе менен сайылган жараатынан улам каза болуп калгандыгын кабарлашкан.

Маалымат каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 122 ("Адам өлтүрүү") жана 280-беренелеринин ("Бейбаштык") негизинде кылмыш иши козголуп, сөөккө соттук-медициналык жана башка тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Окуя болгон жерге Ала-Бука РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу келип, тиешелүү материалдар чогултулган жана окуяга катыштыгы барларды аныктоо боюнча ыкчам иштер жүргүзүлө баштаган.

Кылмыш иши боюнча окуя Ала-Бука айылындагы "Олигарх" кафесинде орун алгандыгы, анда Ала-Бука районунун 25-30 жаштардагы тургундарынын ортосунда мушташ чыккандыгы жана "Самар" аттуу баланын бир топ адамдарды бычак менен сайганы такталган. Натыйжада 4 жаран денелеринен ар кандай жараат алып, ооруканага түшкөн жана бирөөсү (А.Ш.) алган жараатынан улам өзүнө келбей каза болуп калган.

Аталган кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында адам өлтүрүүгө шектүү Ала-Бука районунун 1997-жылы туулган Ж.С. кармалып, 2 айлык мөөнөткө камакка алынган. Ал эми бейбаштыкка шектүү катары 1999-жылы туулган Т.Б, 1999-жылы туулган М.Э., 2000-жылы туулган Ж.Д., 1994-Ж.Э. жана М.Б.лар 15 күндүк мөөнөткө камакка алынды.

Учурда кылмыш ишин соттун кароосуна жиберүү максатында объективдүү жана толук кандуу тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий