• 88.68
  • 95
  • 0.95

Элчибек Жантаев Араван районунда жазгы талаа иштери менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Араван районунда жазгы талаа иштеринин жүрүшү, үрөнчүлүк чарбаларынын материалдык-техникалык базасынын жана буудай, пахта талааларынын абалы менен жеринде таанышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, өкүл жазгы талаа иштер жүрүп жаткан талааларды кыдырып, буудай жана пахта өстүрүүнүн технологиялары менен таанышты. Ошондой эле жергиликтүү үрөнчүлүк дыйкандар менен жолугуп, учурдагы көйгөйлөрдү талкуулады.

"Бул аймактын климаттык шарттары жана топурагы жогорку сапаттагы айыл чарба продукциясын өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Араван районунда жемиштүү иштер жүрүп жатканына ишенем, мындан ары да үрөнчүлүктү колдоо жана өнүктүрүү керек. Мындан тышкары, дыйкандарыбызга түшүмдүүлүктү жана продукциянын сапатын жакшыртуу үчүн зарыл шарттарды түзүп беришибиз жана облусубуз сапаттуу айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча лидерлердин бирине айланышы үчүн болгон күч аракетти жумшоо зарыл", - деди Жантаев

Ошондой эле ал айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн заманбап ыкмаларды колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий