• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда жыл башынан бери расмий жумушсуздардын саны 6,2%га кыскарды

Коом 0

Бишкек, 28.10.23./Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында расмий жумушсуздардын жалпы саны 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,2%га кыскарган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.

Маалыматта айтылгандай, жалпы жумушсуздуктун деңгээли 0,4% га төмөндөгөн.

Жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли Бишкек шаарында жана Чүй облусунда, эң жогорку деңгээли – Баткен жана Жалал-Абад облустарында сакталууда.

"Жыл башынан бери ишке орноштуруу кызматтарына 119,6 миң адам кайрылып, дээрлик 70% Эмгек жана иш менен камсыз кылуу мыйзамдары, кесип тандоо боюнча кесиптик жана кайра окутуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңештерди алышкан", — деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий