• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто транспорт жана жол чарба кызматкерлери сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 28.10.23./Кабар/. Күн мурун Ош шаарында Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленди.

Ош мэриясынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, ага Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов, Ош шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин, жолдор башкармалыгынын, муниципалдык автоунаа ишканасынын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

С. Жунусбаев өлкөнүн жолдорун оңдоодо, жүргүнчүлөрдү маданияттуу тейлөөдө жол чарба кызматкелеринин эмгеги чоң экендигин белгилеп, түйшүктүү кесип ээлерин майрамы менен куттуктап, жасап жаткан эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын тургундарына сапаттуу кызмат көрсөтүүгө кошкон барандуу салымы жана транспорт тармагындагы ак ниет эмгеги үчүн бир катар транспорт жана жол чарба кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын жана Ош шаардык кеңешинин Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий