• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду өз каражатына унааларды сатып алды

Коом 0

Бишкек, 28.10.23./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду өз каражатына атайы унааларды сатып алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Техникалык базаны чыңдап, республиканын бардык аймактарына азык-түлүктөрдү өз убагында, сапаттуу жеткирүү үчүн 3 портер, 3 спринтер, 5 жүк ташуучу электр унаалары сатылып алынды.

Унааларды салтанатуу тапшыруу аземине ведомство башчысы Бообек Ажикеев жана фонддун кызматкерлери катышты.

ӨКМден кошумчалашкандай, фонд келечекте кошумча адистештирилген техникаларды алууну пландаштырып жатат.

"Фонд өзүнүн тапкан каражатын заманбап типтеги кампаларды курууга жумшоодо. Учурда республиканын түштүгүндө жер тилкелери бөлүнүп, курулуш ишин баштоо алдында турушат. Ал эми өлкөнүн түндүгүндө фонддун базасынын аймагына жергиликтүү калкты ун менен камсыз кыла турган заманбап тегирмен комплексин куруу пландаштырылууда. Ошондой эле азык-түлүктөрдүн сапаттуу сакталышын камсыздаш үчүн учурдагы кампалар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, фонд өлкөдөгү азык-түлүктүн коопсуздугун жана корун сактап, баага болгон туруктуулукту жөнгө салып турат.

Пикир

Оставить комментарий