• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эмгек министрлиги дагы 202 бала үчүн жайкы эс алуу уюштурду

Коом 0

Бишкек, 15.08.22. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин линиясы боюнча "Улан" балдардын ден соолукту чыңдоо борборунда Ысык-Көлдө 202 бала эс алат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ведомство Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан майып балдар, жетим балдар, ата-энесинин камкордугусуз калган жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн жайкы эс алууну уюштурду.

Катталуу 15-августта башталган.

Пикир

Оставить комментарий