• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эркин күрөш боюнча курама команда Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйын өткөрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Эркин күрөш боюнча курама команда Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттиктен билдиришти.

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2021-жылга болгон окуу-машыгуу жыйындарынын календардык планына ылайык, Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык мелдештерге ийгиликтүү даярдануу максатында Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү Булан-Сөгөттү айылында (Ысык-Көл облусу) окуу-машыгуу жыйын өткөрүп жатышат.

Окуу-машыгуу жыйын 1-февралда башталган жана 20-февралга чейин уланат.

Агенттиктен кошумчалашкандай, окуу-машыгуу жыйын Дирекция тарабынан каржыланды.

Пикир

Оставить комментарий