• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эртеңки күнгө болгон ишеним. Чек ара чырынан кийин калыбына келтирилген Максат айылы

Аймак 0

Баткен, 16.06.22. /Кабар/. Былтыр жазда болгон чек арадагы куралдуу кагылышууда Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылы эң көп жабыр тарткан.

Тажик тараптан минометтон аткылоонун натыйжасында айылдагы жергиликтүү тургундардын үйлөрү, мектеп жана башка инфраструктуралык объектилер талкаланган.

Президент Садыр Жапаров каргашалуу окуялардан кийин Баткен облусунан кабар алган учурда бир да жергиликтүү тургун жардамсыз жана зарыл колдоосуз калбай турганын айтып, үйлөр калабына келтирилип, инфраструктураны көтөрүүнү убадалаган.

Максат айылынын башчысы Сапарали Агинаевдин айтуусунда, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун кылдат көңүл буруусу менен айылда курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

"Аткылоодон жабыркаган жергиликтүү тургундардын үйлөрү калыбына келтирилди. Жаңы үйлөр айыл тургундарына жакты. Алар бардык коопсуздук эрежелерине жооп берет, аянты чоң, сырты тыкан. Андан тышкары, айылда мектеп калыбына келтирилди. Ал 224 окуучуга ылайыктуу. Балдар жакшы шартта билим алууда. Ошондой эле бала бакча салынды. Балдар үчүн ойноочу жай жана футболдук аянтча да каралган", - деди ал.

Агинаев ошондой эле айылда ФАП жана милиция участогу курулгандыгын кошумчалады.

"Чыр-чатактын чыгуу тобокелдиги жогору болгон чек арага чектеш айыл тургундары үчүн мамлекеттин колдоосу абдан маанилүү. Бактыга жараша, биздин алысты көрө билген жетекчилерибиз жана боорукер элибиз бар. Былтыр бизге кыргыз элинин көмөгү абдан чоң жардам берди. Азыр биздин айыл толугу менен калыбына келтирилди. Айыл көркүнө чыгып, өнүгүүдө. Жергиликтүүлөр үчүн керектүү шарттар түзүлдү. Жаштар да кол кабыш кылышууда. Бизге эң башкысы - чек ара маселеси эртерээк чечилсе гана болгону. Калганын чогуу өзүбүз жасайбыз. Азыр айылда эртеңки күнгө болгон ишеним бар", - деди айыл башчысы.

Пикир

Оставить комментарий