• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эртең Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт

Коом 0

Бишкек, 17.10.21. /Кабар/. Эртең, 18-октябрда Кыргыз эл акыны, Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгынын жана Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү Майрамкан Абылкасымованын акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акын менен коштошуу иш-чарасы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында саат 10:00дө башталат.

Эске сала кетсек, Майрамкан Абылкасымова узакка созулган оорудан соң 85 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Пикир

Оставить комментарий