• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эртең шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо үчүн арыздарды кабыл алуу аяктайт — элчилик

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.11.21 /Кабар/. Эртең, 12-ноябрда шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо үчүн жарандардан арыздарды кабыл алуу аяктайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышууну каалаган Кыргызстандын жарандары 2021-жылдын 15-ноябрына чейин шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн консулдук каттоодон өтүп, биометрикалык маалыматтарын тапшыра алат.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу элчилик Кыргызстандын жарандарын алдыдагы добуш берүүгө активдүү катышууну жана Москва, Санкт-Петербург, Сургут, Самара, Краснодар, Казань, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Тюмень, Томск, Иркутск, Якутск, Хабаровск, Владивосток жана Южно-Сахалинск шаарларында ачылган шайлоо участкаларына келүүнү өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий