• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Фарида Абдуева тай бокс боюнча профессионалдык беттеште жеңишке жетти

Спорт 0

Бишкек, 09.01.23. /Кабар/. Кечээ, 8-январда кыргызстандык мушкер Фарида Абдуева тай бокс боюнча профессионалдык беттеш өткөрдү. Бул тууралуу анын машыктыруучусу Александр Кононенко билдирди.

Тайланддын Пхукет жергесинин Bangla стадинонунда өткөн мелдеште Абдуева үч беттеш өткөрдү.

“Биринчисин Абдуева нокаут менен аяктаса, экинчисин тең чыгуу менен бүттү. Кечээ реванш болмок, бирок атаандашы рингге чыгуудан баш тартты. Анын ордуна башка спортчу чыкты. Фарида аны менен беш раунд өткөрүп, жалпы упай менен жеңишке жетти”, - дейт Кононенко.

Машыктыруучу жакында Фарида Абдуева Бангкоктогу турнирге катышарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий