• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Филология илимдеринин доктору, профессор Жаанбай Элчиев дүйнө салды — некролог

Коом 0

Бишкек, 31.10.23. /Кабар/. Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети орду толгус жоготууга учурады.

Алай районуна караштуу Таргалак айылында төрөлгөн, филология илимдеринин доктору, профессор Элчиев Жаанбай Элчиевич 66 жаш курагында күтүүсүздөн дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын билдиришти.

Анын эмгек жолу 1984-88-жылдары Алай районундагы И. Монуев атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштөөдөн башталган.

1988-90-ж.ж. ОшМПИнин кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун усулу кафедрасынын окутуучусу.

1990-жылдан 2023-жылга чейин ОшМУнун кыргыз тил илими кафедрасынын окутуучусу, улук окутуучусу, доценти, профессору болуп эмгектенген.

1996-жылы “Кыргыз тилиндеги жаксыз сүйлөмдөр” деген темада кандидаттык диссертациясын, 2015-жылы “Келки маанилердин типтери жана түрлөрү” деген темада докторлук диссертациясын Бишкек шаарында коргогон.

1996-97-ж.ж. ОшМУнун Теология факультетиндеги жалпы билим берүүчү предметтер кафедрасынын башчысы;

1996-2007-ж.ж. Кыргыз тили илими кафедрасынын башчысы;

2007-2010-ж.ж. Кыргыз филологиясы факультетинин деканы болуп иштеген.

2003-жылы “Тил таануу” адистиги боюнча доцент илимий наамын алган.

Төрт окуу-усулдук колдонмонун, эки илимий монографиянын, элүүдөн ашуун илимий макалалардын автору.

Билимге, илимге кошкон зор салымы үчүн бир топ мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон.

Ош шаарынын мэри Б. Жетигенов, мэрдин орун басарлары М. Исаев, С. Жунусбаев, Н. Кадыров, З. Юсупов, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси А. Кубатбек уулу, мэрдин кеңешчиси С. Аманова, мэриянын бөлүм башчылары Жаанбай Элчибаевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий