• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкекте май токоч сатылган күркөдөн өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 31.10.23. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунун "ДОсОО-Форт" базарынын маңдайында муниципалдык аймакта жайгашкан май токоч сатылган күркөдөн өрт чыккан. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун маалыматына караганда, жерине 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 13:45те чектөөгө алынган, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн жалпы аянты 70 чарчы метрди түзөт.

Кырсыктан жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий