• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Финансы министрлиги: 2022-жылы айлык акылар 200 пайызга чейин жогорулады

Экономика 0

Бишкек, 23.01.23./Кабар/. Кыргызстанда 2022-жылы айлык акылар 200 пайызга чейин жогорулады. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан эмгек акыларды жогорулатууда кошумча жылдык керектөөсү 32,2 млрд сомду түзгөн.

Эмгек акынын орточо өсүшү:

- билим берүү жана илим кызматкерлерине 180% чейин;

- медициналык кызматкерлерине 150% чейин;

- маданият, маалымат жана спорт кызматкерлерине 200% чейин;

- социалдык коргоо кызматкерлери 200% чейин;

- мамлекеттик жарандык кызматчылардын 181% чейин;

- муниципалдык кызматчылардын 177% чейин;

- мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматчылардын 172% чейин;

- техникалык тейлөөчү персоналдын 160% чейин;

- кенже тейлөөчү персоналдын 150% чейин;

- бош жалданган жана жарандык персоналдын айлык акысы 169% чейин.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-октябрынан тартып прокуратура органдарынын системасынын кызматкерлерин кошпогондо, КР аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акынын фондунун 80 пайызына чейин жогорулатуу каралган.

Пикир

Оставить комментарий