• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Forbes: Ирландиялык U2 эң көп акча тапкан музыкалык топ

Дүйнө 0

Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. Ирландиялык U2 рок-тобу музыкалык аткаруучулар арасында эң көп акча тапкан топ деп табылды. Бул тууралуу Forbes журналы жазып чыкты.

Алар буга "Joshua Tree" аттуу альбомунун 30 жылдыгына арналып уюштурган турненин аркасы менен жетишишкен.

Маалыматка ылайык, U2 тобу 2017-жылдын июнь айынан 2018-жылдын июнуна чейин салыкты эсепке албаганда 118 млн доллар тапкан.

Тизмеде экинчи сапта британиялык Coldplay тобу турат. Алар жалпы 115,5 млн доллар топтогон, - деп жазат Reuters агенттиги.

Ал эми 110 млн доллар тапкан британиялык аткаруучу Эд Ширан үчүнчү орунда турат. Андан кийин тизмеде Бруно Марс (100 млн. доллар) менен Кэти Перри (83 млн. доллар) турушат.

Пикир

Оставить комментарий