• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Фотофакт – Жээнбеков, Путин Айтматовдун үй-бүлөсү менен

Коом 0

Бишкек. 29.03.19 /Кабар/. 28-мартта президент Сооронбай Жээнбеков жана президент Владимир Путин Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы үй-музейине барышты.

Президенттер жазуучунун үй-бүлөсү менен маектешти, Айтматовдун уулу Эльдар аларга музей жөнүндө, атасынын өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берди.

Жээнбеков жана Путин үй-музейди жана андагы экспонаттарды көрүп чыгышты, ошондой эле эстелик жазуулар Китебине өз каалоолорун жазышты.

Аягында эки өлкөнүн президенттери Айтматовдун үй-бүлөсү менен сүрөткө түшүштү.

Эске салсак, 28-мартта РФнын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик визити менен келип кетти.

Пикир

Оставить комментарий