• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Фоторепортаж – Кыргыз милициясынын 95 жылдыгы

Коом 0

Бишкек, 01.11.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-ноябрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы ата мекендик ички иштер органдарынын түзүлүү тарыхына токтолуп, жарандарыбыздын мамлекетке, бийликке болгон ишеними катардагы милиционерден башталарын белгиледи.

Милициянын астындагы негизги тапшырма элдин жашоосунун тынчтыгын жана өмүрүнүн сактыгын камсыз кылуу, коомдо бекем тартипти орнотуу экендигин баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтык милдетин үлгүлүү аткаргандыгы, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү ишине жана коомдук тартипти камсыздоого кошкон олуттуу салымы үчүн өзгөчө айырмаланган ички иштер кызматкерлерине бир катар мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Иш-чара майрамдык концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий