• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Франциянын премьер-министри Элизабет Борн отставкага кетти

Дүйнө 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Президент Эммануэль Макрон аткаминердин отставкасын кабыл алып, ага иши үчүн ыраазычылык билдирди. Жаңы министрлер кабинети түзүлгөнгө чейин Борн өкмөт башчынын милдетин аткаруучу макамда болот.

Элизабет Борн 2022-жылы май айында премьер-министрлик креслону ээлеген. Ага чейин ал бир нече министрлик кызматтарды алмаштырган. Ал Франциянын тарыхында өкмөт башчы иштеген экинчи аял.

Макрон X социалдык тармагы аркылуу Борнго: "Сиздин аткарган ишиңиз эл үчүн үлгү болду", - деп кайрылды.

Борн премьер-министр болгон учур Франция үчүн оңой болгон жок. Пенсия реформасы, мигранттар кризиси жана жалпы кымбатчылык өкүм сүрүп турду.

2027-жылы боло турган президенттик шайлоого ишенимдүү баруу үчүн Макрон азыртадан экономика жана ички саясат чөйрөсүндө жөндөмдүү өкмөттү түзүшү керек.

Эммануэль Макрон кийинки премьер-министр катары кайсы саясатчыны көрөрүн айткан жок.

Пикир

Оставить комментарий