• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Жаманбаев Өзбекстандын ТИМ башчысынын орун басары менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 08.01.24./Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев аталан өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Рахматулла Нуримбетов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алышты.

Тараптар ошондой эле алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги биргелешкен тышкы саясий иш-чараларды талкуулашты.

Элчи Муса Жаманбаев Рахматулла Нуримбетовду Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары кызматына дайындалышы менен куттуктап, жооптуу ишмердигинде чоң ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий