• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Футбол: Бүгүн Европа Лигасынын ¼ финалдык беттештери болот

Спорт 0

Бишкек. 18.04.19 /Кабар/. Бүгүн Европа лигасынын кубогу үчүн 1/4 финалдык оюндары өтөт. Европа лигасынын кубогу Европадагы экинчи маанилүү футболдук мелдеш.

"Челси" өз талаасында Чехиялык "Славия Прага" клубун кабыл алат. Биринчи оюнда Лондондук клуб 1:0 эсебинде жеңишке жеткен болчу.

Германиялык "Айнтрахт" португалиялык "Бенфиканы" кабыл алат. Бирин оюн абдан кызыктуу болуп, португалиялыктар 4:2 эсеби менен жеңишке жеткен.

Биринчи оюнда 3:1 эсебинде жеңишке жеткен "Валенсия" дагы бир испаниялык "Вильярреал" клубу менен жолугат.

Ал эми италиялык "Наполи" Лондондук "Арсенал" менен кезигет. Биринчи оюнда англиялыктар 2:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Эске салсак, Европа лигасынын 2018/19 сезонундагы финалдык беттеш 29-майда Баку шаарындагы "Олимпийский" стадионунда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий