• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Футбол боюнча U-17 Азия кубогунун тандоо туру Бишкекте өтөт

Спорт 0

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. 17 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында футбол боюнча Азия кубогунун I тайпасынын тандоо туру Бишкекте өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, оюндар 5-7-9-октябрда борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот.

Бишкекте боло турган I тайпага Иран, Лаос, Гонконг жана Кыргызстандын курама командалары кирет.

U-17 Азия кубогунун тандоо турунда 43 команда 10 тайпага бөлүнүшүп, күч сынашат. 10 өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда тандоо туру өтөт. Ал эми Азия кубогу 2023-жылдын май айында Бахрейнде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий