• 88.68
  • 95
  • 0.95

Гүлнара Баатырова Аксынын Кош-Дөбө айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна барды

Аймак 0

Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Аксы районунун Кош-Дөбө айылында жайгашкан Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна барды.

Министрликтен билдиришкендей, Баатырова калкка баштапкы медициналык жардам көрсөтүү кызматынын иши менен таанышты. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медицина кызматкерлери 16 миңден ашык тургунду тейлейт.

Министр эмгек жамаатка бекем ден соолук жана иштерине ийгиликтерди каалады.

“Баштапкы медициналык-санитардык жардам оорунун алдын алуудагы маанилүү звено болуп саналат. Андыктан сиздерден өз жумушуңарга жоопкерчилик менен мамиле жасооңорду, бейтаптардын, өзгөчө балдардын абалына сак болушуңуздарды суранам. Ошондой эле калкка тез медициналык жардамды жеткиликтүү кылуу үчүн оорукананын базасында тез медициналык жардам пунктун уюштурууну карап чыгуу зарыл”, - деди Баатырова.

Пикир

Оставить комментарий