• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнү: Жыл башынан бери Кыргызстанда 25 миң 664 түгөй баш кошкон

Коом 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстанда Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнү белгиленүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет.

Каттоо кызматы билдиргендей, бүгүн Бишкек шаарындагы Бакыт өргөөсүндө 15 жаш түгөй баш кошот.

"2020-жылдын 1-январынан тартып 23-сентябрга чейин Кыргызстанда 25 миң 664 түгөй баш кошкон. Ал эми былтыр 33 миң 929 жуп үй-бүлө курган", - деп билдирет Каттоо кызматы.

Жыл башынан бери Кыргызстанда 113 миң 922 ымыркай жарык дүйнөгө келген.

Кыргызстанда Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнү 2011-жылдан бери белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий