• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Япония элчилигинин колдоосу менен “Сейтек” борборуна үн жана жарык берүү жабдуулары сатып алынат

Билим 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Япония элчилигинин колдоосу менен “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборуна үн жана жарык берүү жабдуулары сатып алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Сейтек” борбору көп жылдан бери Япония элчилигинин “Үн жана жарык берүү системаларын жакшыртуу долбоору” боюнча “Маданият жаатындагы чакан масштабдуу гранттык жардам” гранттык программасына катышып келген. Акыры “Сейтек” борборунун көп жылдан берки кыялы орундалды.

2022-жылдын 16-мартында Билим берүү жана илим министрлигинде жогоруда аталган гранттык программанын алкагында “Сейтек” борборунун үн жана жарык берүү системаларын жакшыртуу” долбоору боюнча гранттык келишимге кол коюу аземи болду.

Иш-чарага Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, “Сейтек” борборунун директору Сабийра Челпакова жана министрликтин башка жооптуу кызматкерлери катышышты.

Гранттык келишимге Япониянын элчиси менен “Сейтек” борборунун директору Сабийра Челпакова кол коюшту.

Аталган долбоордун алкагында “Сейтек” борборунун концерттик залы үчүн жалпы суммасы 66 миң 577 АКШ долларын түзгөн үн жана жарык берүү жабдуулары сатылып алынат.

“Сейтек” борборунун концерттик залына үн жана жарык берүү жабдууларын орнотуу маданий иш-чаралардын, окуу иш-чараларынын, ошондой эле мамлекеттик жана эл аралык деңгээлдеги иш-чаралардын сапатын арттырууга өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий