• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ башчысы милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков милиция кызматкерлерин 1-ноябрь — кыргыз милициясын кесиптик майрамы менен куттуктады.

“Урматтуу кесиптештер сиздер элдин тынчтыгын жана коопсуздугун коргоодо дайыма алдыңкы катарда туруп, ыкчам иштейсиздер. Кыйын кырдаалга туш болгон ар бир атуулдун кайрылуусуна сергек мамиле жасап, аларга жардам бересиздер. Жогоруда айткандай, кыргыз эли сиздерге ишенет жана ар дайым колдойт. Элдин ишенимин бийик тутуп, өлкөгө ак ниет кызмат кылып, эл менен бирге болуу сиздердин ыйык парзыңыздар. Анткени, Кыргызстандын ар бир жараны бейпилчиликте коопсуз жашап, эмгектенүүгө укуктуу. Сиздер эл аралап, эл ичинде жүрөсүздөр, жарандарыбыз сиздерди бийликтин өкүлү, мамлекеттин жүзү катары кабылдашат. Ошондуктан ар дайым маданияттуу болуп, сырткы келбетиӊиздер да, ички жан дүйнөңүздөр да жагымдуу болушу зарыл”, - деп айтылат куттуктоосунда.

Ошондой эле Ниязбековдун куттуктоосунда тынчтык жана бекем тартип өкүм сүрмөйүн өлкө жетекчилиги тарабынын жасалып жаткан реформалар, сунушталган экономикалык программаларды толук кандуу ишке ашыруу мүмкүн эместиги белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий