• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ: Эл аралык издөөгө жарыяланган Райкүл Жапарова Польшанын аймагынан кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Эл аралык издөөгө, анын ичинен Интерпол аркылуу да издөөгө алынган Райкүл Жапарова Польша Республикасынын аймагынан кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Райкүл Жапарова Бишкек шаарынын Октябрь райондук жана Бишкек шаардык соттору тарабынан сырттан чечим чыгарылып, 2014-жылдын 22-октябрында жана 2015-жылдын 3-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 30-183-беренесинин 3-бөлүмүндө (Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу), 166-беренеси (алдамчылык) менен 221-беренесинде (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгары укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) көрсөтүлгөн кылмыштарга күнөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан Райкүл Жапарова эл аралык издөөгө, анын ичинен Интерпол аркылуу издөөгө алынган.

"Интерполдун маалыматы боюнча, Райкүл Жапарова 2020-жылдын 22-майында Польшанын аймагынан кармалган. Учурда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Райкүл Жапарованы Кыргыз Республикасына экстрадициялоо маселелери чечилип жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий