• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Мурда козголгон кылмыш иши боюнча дагы 3 милиция кызматкери кармалды

Коом 0

Бишкек, 22.08.23. /Кабар/. Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан Россиянын жаранын коркутуу жолу менен акча талап кылган факты боюнча дагы 3 милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө жана Ички иликтөө кызматына Россиянын жаранынан арыз түшкөн. Ал арызында КР ички иштер органдарынын белгисиз кызматкерлери жана "Д" аттуу кыз үстүбүздөгү жылы 20-апрелде Бишкек шаарынын Киев көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде "гашиш" баңгизатын ыргытып, коркутуу жолу менен кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 315 миң сом алышканын билдирген.

Бул факт ИИМдин Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошентип, кечээ, 21-августта тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Чүй облустук милициясынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери М.Ч., С.А. и А.А., кармалып, тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий